10- Сентябрь 1964 -жылы Ырчы Динара Акулова туулган
Ырчы Динара Акулова Ысык-Көл обласуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Караколдогу музыкалык окуу жайын, кийин Бишкектеги искусство институтун бүтүргөн. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон. Марат Алыбаевдин “Эй, жазгүлүм”, “Мен сени сүйөм”, “Аккордеон” деген ырларын аткарып, кыргыз элине белгилүү болуп, кийин “Динара” эстрадалык тобун түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан