10- Сентябрь 1973 -жылы Телеалпаруучу Айнура Кабaтай кызы туулган
Телеалпаруучу Айнура Кабaтай кызы Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылында төрөлүп, атасы аскер адамы болгондуктан, балалыгы Кыргыз өкөсүнүн көп жерлеринде өткөн. 1991-жылдан тартып телевидение тармагында иштеген Айнура Кабaтай кызы алгач сынак аркылуу КТРге келип, диктор болуп иштей баштаган. Кийин КООРТто, андан соң НТС каналында эмгектенген. Телевидение тармагынан тышкары Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги коммуникация факультетинин радио-телевидение жана киноискусство бөлүмүндө ага окутуучу болуп эмгектенип, Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы аспирантурада окуган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан