Америкалык кинорежиссёр, сценарист, продюсер жана жазуучу Крис Коламбус АКШнын Пенсильвания штатындагы Спенглер аттуу жеринде туулган. Крис Коламбустун атагын дүйнөгө тааныткан "Один дома" тасмасы болгон. Режиссёр бул тасманы 1990-жылы тартып, ал 1992-жылы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү тасмалардын катарынан үчүнчү орунду ээлеген. Крис Коламбус 1992-жылы тасманын уландысын тартып, ал "Один дома 2: Потерянный в Нью-Йорке" деп аталган.