8- Сентябрь 1923 -жылы советтик жана орусиялык акын, жазуучу жана коомдук-саясий ишмер Расул Гамзатов төрөлгөн
Советтик жана орусиялык акын, жазуучу жана коомдук-саясий ишмер Расул Гамзатов Дагестандагы Цада кыштагында туулган. Ал - авар акыны, Дагестандын Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры. Ага "Мен туулган жыл" китеби үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, "Бийик жылдыздар" жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган. Анын эки китептен турган "Менин Дагестаным" жана көптөгөн ырлары кыргыз тилине которулган.
Расул Гамзатов 2003-жылы 3-ноябрда 80 жаш курагында Москвада көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан