Багдадда башталган конференциянын (10-14-сентябрда) жыйынтыгында мунайзатын экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) түзүлгөн. Анын алгачкы уюштуруучулары Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Аравиясы жана Венесуэла болгон. Бул уюмга мүчө өлкөлөр дүйнөдөгү нефти корунун үчтөн эки бөлүгүн көзөмөлдөшкөн.