
Иллюзионист, гипнозчу жана психиатр Вольф Мессинг Польшада туулган. Ал бала кезинде лунатизм оорусунан жапа чеккен. 6 жашка чыккан Вольфту атасы диний мектепке берет. Кичинекей бала өзүнүн тез жаттоосу, эс тутуму менен элди таң калтырат. Атасы аны диний чоңураак мектепке берүүнү каалап, бирок Вольф үйүнөн качып, Берлинге бараткан поездге байкатпай түшүп алат. Билет текшергичтер келатканын көргөн бала коркконунан "балким байкабай калышаар" деген ой менен отургучтун алдына жашынат. Текшерүүчүлөр балага кайрылып билет сурашат. Ал жанында жаткан кагазды билет экен деп ойлошсун деп колуна кармата коет. Текшерүүчү кагазды карап көрүп, мөөрүн басып коюп жатып, "билетиң колуңда турса аякта эмне олтурасың, орундукка олтур" деп айтып чыгып кетишет. Вольф ошондон баштап эмнени кааласа адамдар ишенип, ошондой кабыл ала турган өзүндө касиет бар экенин байкап калат. Берлинге келип жүк ташыгыч, идиш жуугуч болуп эртеден кечке иштеп тапканы тамагына да жетпей бир күнү эси ооп көчөгө жыгылып калат. Адамдар аны госпиталга апкелишсе, ал өлүп калган болот. Моргдо жаткан Вольфту практикант врач карап көрүп, жүрөгү билинер билинбес согуп жатканын байкап калат. Үч күндөн кийин эсине келген Мессингди врач-психиатр Абель текшерип көрүп, өз денесин каалагандай башкара ала турган касиет бар экенин байкайт. Вольф каалаган убактан каалаган убакытка чейин жүрөгүн токтотуп коюуга жөндөмдүү болуп чыгат. Цельмейстер аттуу адам баланын жөндөмүн элге көрсөтө баштайт. Мисалы, Вольф үч күнгө жүрөгүн токтотуп, кайра тирилсе 5 марка төлөчү. Бул ал кезде чоң акча болгон. Мессинг эми өзүнүн жөндөмдүүлүгүн акырындап ар тараптуу өөрчүтө баштайт. 1930- жылдары бүт дүйнөгө атагы чыгып калган окумуштуу физик Альберт Эйнштейн Вольфтун талантына кызыгып, Зигмунд Фрейд экөө конокко чакырышат. Эйнштейн текшерип көрүү максатта ичинен Вольфко тапшырма берет. Ал ошол замат Эйнштейндин оюн аткарат. Буга таң калган Фрейд ой менен скрипканы алып, Эйнштейнге берүүсүн өтүнөт, Мессинг муну да дароо түшүнүп скрипканы Эйнштейнге сунат. Вольф Мессингдин адамдын оюн айттырбай окуй ала турган талантын эки окумуштуу жогору баалашат. Кийин Вилненский университетине психология курсуна окууга өтүп, окуп да гостролго чыгып иштеп да жүрөт. 1937-жылы эл алдына чыгып, эгерде Гитлер чыгышка бара турган болсо аны өлүм күтөөрүн, согуштан жеңилерин айтат. Муну уккан Гитлер Мессингди түрмөгө каматат. Бул жерден аны өлүмгө буйрушат. Бирок, Мессинг оңой эле чыгып кетет. Ал камерада олтуруп, түрмөнүн бардык кызматчылары анын камерасына келишин ою менен буйрук кылат. Көп убакыт өтпөй түрмө башчысы, кайтаргычтар жана башка түрмө кызматчылары келе башташат. Мессинг барын камерага камап өзү чыгып кетет. Качып чыккан Вольф суу менен сүзүп олтуруп, Советтер Союзунун территориясына туш келет. Бул жактан ал абдан кыйналат. Себеби ал орусча бир да сөз билчү эмес. Союзда анын аты эч кимге белгисиз эле. Анын үстүнө Союздун адамдары гипнозчу, телепаттарга ишенбөөчүлүк менен карап, жаман көрүшчү. Бирок, Мессинг концерт менен жүргөн бир группага кошулуп, Минск, Белорусияны бүт кыдырат. Бир жолу Гомель шаарында болуп жаткан көрсөтүүдө сахнага НКВДнын эки кишиси Мессингди кармап, түз эле Сталиндин алдына алып келишет. Сталин аны ар кандай сынактан өткөрүп көрүүнү ойлойт. Ага берилген тапшырма боюнча кароолчулардан билинбей өтүп, казынадан бир уютулган алтын жана Мамлекеттик банктан 100 миң акчаны документи жок алып чыгыш керек болот. Мессинг Сталиндин бардык сынагынан өтүп, барын таң калтырат. Сталин Вольфко эркиндик берет. Бирок, Мессинг ар дайым өзүнүн тилинен таап, ар кандай куугунтуктарга кабыла берген.
Сталин менен Гитлер тынчтык келишимин түзүшөт. Ал келишим боюнча Гитлер СССРге 10 жыл кол салбай тынчтыкта болушу керек эле. Бул келишимди түзгөн Сталин эң акылман делинип эл оозуна алынат. Мессинг болсо бир көрсөтүүсүндө келишим жөнүндө кандай ойдо экенин сурашканда "мен советтик танктарды Берлинден көрүп жатам" деп айтат. Сталин Мессингдин эл алдына чыгуусуна катуу тыюу салып, иштетпей коет. 1941-жылы тынчтык келишимге карабай туруп Гитлер СССРге кол салганда Мессингдин айтканы туура келгенине ынанышат. Кийин Месси "1953-жылы Сталин еврей майрамында өлөт" деп алдын ала айткан. Сталин дал ошол жылы 5-мартта көз жумган.
Вольф Мессинг 1974-жылы 8-ноябрда көпкө созулган оорудан кийин 75 жашында каза болгон.