Англиялык актриса Жессика Тэнди 85 жашында көз жумган. Ал "Шофёр мисс Дэйзи" ("Дэйзи айымдын айдоочусу") тасмасында жараткан ролу үчүн 81 жашында “Оскарга” татып, ал наамга ээ болгон эң улгайган актриса деп тарыхта калган. Актриса ошол эле ролу үчүн BAFTA, "Алтын глобус" сыйлыктарына да ээ болгон. Ал эми "Призрачный свет" тасмасындагы ролу менен "Эмми" сыйлыгын багындырган.