12- Сентябрь 1952 -жылы
Чечендердин саясий лидери Зелимхан Яндарбиев туулган
Чечендердин саясий лидери, 1996-1997-жылдары Ичкерия Чечен Республикасынын президентинин милдетин аркалаган Зелимхан Яндарбиев Казакстандын Шемонаихин районундагы Выдриха кыштагында туулган.
Зелимхан Яндарбиев Орусиянын аскерлерине каршы күрөштөргө катышып, Орусиянын аймагындагы террордук иштерге катыштыгы бар деп айыпталган. Ал эми 2001-жылдан тартып эл аралык издөөдө болгон. 2004-жылы 13-февралда Зелимхан Яндарбиев Дохада 13 жаштагы уулу менен орусиялык атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн.