30- Ноябрь 1874 -жылы
Омск облусунун башчысы С.Броневский Семипалатинск округунун башчысына кыргыз элчилигин Омскиге жөнөтүү тууралуу көрсөтмө жолдогон
Омск облусунун башчысы С.Броневский Семипалатинск округунун башчысына кыргыз элчилигин Омскиге жөнөтүү тууралуу көрсөтмө жолдогон. Семипалатинск округунун башчысы кыргыз элчилери Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков, Акымбек Олжобеков экендигин жана аларды Сарпбек, Токтогул, Мамбет жана Ботпай аттуу жигиттер коштоп жүргөндүгүн кабарлаган. Кыргыз элчилигин Семипалатинск бийлиги күтүп, алар үчүн жата турган үй-жай жана ичип-жегенине тамак камдаган.