1- Декабрь 1667 -жылы
Сенге тайши баштаган калмактар эне-сайлык кыргыздарга кол салышкан
Сенге тайши баштаган калмактардын көп сандуу колу албан алуу максатында эне-сайлык кыргыздарга кол салган. Калмактар мындагы монгол алтын хандыгынын саясий таасирине оор сокку урушуп, ишенимдүү адамдарын Красноярскидеги орус бийлигине жиберишкен.
Красноярскиге келген калмак элчилиги кыргыздар менен тубалыктардын өз мекенине кайтышын талап кылып, Сенге тайшиге мындан ары да албан төлөп туруш үчүн калмактарга аманат таштай тургандыгын билдиришкен.