1- Декабрь 1915 -жылы
Пржевальск шаарында балдар үйү иштей баштаган
Пржевальск шаарында Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин балдарын багыш үчүн балдар үйү иштей баштаган. Балдар үйү Жер которгондор башкармалыгына караштуу ачылып, анын каржылоо чыгымын да аталган коом көтөргөн.