Дал ушул күнү 1924-жылы туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз Туусу”) чыккан. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.