3- Декабрь 1877 -жылы Жети-Суу областынын аскер губернатору Г.А.Колпаковский уезддик борборду Токмок шаарынан Пишпекке которуу сунушу менен Түркстан генерал-губернаторуна кайрылган
Жети-Суу областынын аскер губернатору Герасим Алексеевич Колпаковский уезддик борборду Токмок шаарынан Пишпекке которуу сунушу менен Түркстан генерал-губернаторуна кайрылган. Г.А.Колпаковскийдин пикирине ылайык, Токмок шаары уезддик борбордун талаптарына жооп берген эмес. Биринчиден, Токмок Верный-Ташкент багытындагы Түркстан чөлкөмүнүн стратегиялык байланыш жолунан алыс орун алган. Экинчиден, шаар жайгашкан жер саздак болгондуктан, адамдардын оору-сыркоосу күчөгөн. Ошондуктан орус стратегдери уезддик борбор үчүн Пишпек, Кочкор жана Көтмалдыны, тактап айтканда, азыркы Балыкчы шаарын сунуш кылышкан. Акыры падышалык бийлик Пишпек шаарынын информациялык жана транспорттук байланыш артыкчылыгын эске алып, уезддик борборду азыркы Бишкек шаарына которушкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан