4- Декабрь 1980 -жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов өлтүрүлгөн
Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында Смагин аттуу оорукчан адам атып кеткен. Бир жылдан кийин Смагин милиция кызматкеринин моюн орогучуна асынып калган жеринен табылган.
Султан Ибраимов убагында Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. С.Ибраимов ишке жана адамдарга карата болгон принципиалдуу мамилеси, дүйнөлүк кубулуштарга прогрессивдүү көз карашы менен айырмаланган. Айрым адистердин айтымында, Советтер Союзунда Султан Ибраимов С.М.Кировдон кийин киши колдуу өлтүрүлгөн жогорку бийлик адамы болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан