5- Декабрь 1936 -жылы
Кыргыз АССРинин мамлекеттик саясий статусу Союздук Республика болуп өзгөртүлгөн
СССРдин Жогорку Кеңешинин чукул чакырылган VIII съездинде Кыргыз АССРинин мамлекеттик саясий статусу Союздук Республика болуп өзгөртүлүп, анын мамлекеттик саясий статусу жогорулаган.
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин төрагалыгына Баялы Исакеев, партиянын Борбордук комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков, республикалык комитеттин жооптуу катчылыгына Морис Белоцкий дайындалган.