10- Ноябрь 2011 -жылы Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү
Жыл сайын 10-ноябрда жер жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү белгиленет. 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Англиянын Лондон шаарында жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы (World Federation of Democratic Youth, WFDY) түзүлөт. Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү ушул окуянын урматына майрамдардын катарына кошулуп калган. Ал эми демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү демилгесин Дүйнөлүк жаштар кеңеши көтөрүп чыккан. Аталган кеңеш Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда фашизм менен күрөшүү үчүн түптөлгөн. 1945-жылы өткөн демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясына 63 улуттан ар кайсы диндеги 30 миллиондон ашык жаштар катышкан. Бул майрамдан тышкары жаштар жыл сайын 12-августта Эл аралык жаштар күнүн белгилешет. Ал күндү майрамдардын катарына Бириккен Улуттар Уюму кошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан