24- Апрель 1991 -жылы
Орусиялык актёр жана сүрөтчү Никита Михайловский каза болгон
Орусиялык актёр жана сүрөтчү Никита Михайловский 27 жашында лейкоз оорусуна кабылып, Лондондо каза болгон.
Никита Александрович Михайловский 1964-жылы 8-апрелде Москвада туулган. Актёрдун атасы Александр Николаевич Михайловский менен апасы Алевтина Ивановна Никита Михайловский кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен. Ошол себептен өгөй атасы петербургдук режиссёр Виктор Сергеевдин тарбиясын көргөн. Ал эми апасы Никита Михайловский 16 жашка чыкканда жүрөк оорусунан каза болуп калган.
Никита Михайловский 5 жашынан тартып тасма талаасына аралашып, "Ночь на 14-й параллели" киносуна тартылган. Ал эми 1981-жылы чыккан "Вам и не снилось…" фильми актёрго болуп көрбөгөндөй атак алып келген. Ошентип чыгармачылыкка берилген Никита Михайловский Санкт-Петербург театралдык искусство академиясына тапшырып, 1986-жылы аяктаган.
Никита Михайловский "Мисс миллионерша", "Караул", "Ленинград. Ноябрь", "Палач" ж.б. тасмаларда роль жараткан.