Ушул күнү Францияда 1745-жылы Парижде жана Петербургда азиздер үчүн бир нече мектептерди жана ишканаларды негиздеген белгилүү педагог Валентин Гаюи төрөлгөн. Дүйнөдө 18-кылымга дейре азиздер үчүн окуу жайлар болгон эмес. В.Гаюи алгачкы жолу азиздер үчүн өзү ойлоп чыккан тамганын жардамы менен жаңы окутуу ыкмасын жарыялаган. Ал эми 1784-жылы Парижде өкмөттүн жана кайрымдуулук коомунун колдоосусуз, өз каражатына үйүндө азиздер үчүн мектеп ачкан. Азиздер үчүн китептерди басып чыгаруу иши да Гаюиге таандык.