14- Ноябрь 2011 -жылы
Диабетке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү
Бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнү майрамдардын катарына 1991-жылы Эл аралык диабет федерациясы жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан киргизилген. 1922-жылы январда канадалык жаш окумуштуу Фредерик Бантинг кант диабетинин оор түрү менен жабыркаган 14 жаштагы балага инсулиндин ийнесин сайып, өмүрүн сактап калган. Ф.Бантинг инсулинге өзүнүн атынан патент албастан, аны жасап чыгаруу укугун медициналык изилдөөлөр боюнча канадалык кеңешке берип койгон. 1922-жылдан тарта инсулин дары-дармектер базарында пайда болуп, сатыкка чыга баштаган. Ф.Бантингдин жана анын кесиптеши Чарльз Бесттин бул ачылышы дүйнөдөгү кант диабети менен жабыркаган миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап келе жатат. 1923-жылы Ф.Бантингге жана кесиптеши Маклеодго Нобелдик сыйлык ыйгарылган, бирок Ф.Бантинг сыйлыгынын жарымын Ч.Бестке ыйгарган, себеби ал кесиптешинин эмгеги бааланбай калганына ыза болгон. Бүткүл дүйнөлүк диабет менен күрөшүү күнү Ф.Бантингдин туулган күнүнүн урматына 14-ноябрда белгиленип келет.