1933-жылы америкалык инженер Владимир Зворыкин сыналгынын маанилүү бөлүгүн ойлоп таап, 1936-жылы Улуу Британияда жана Германияда, ал эми 1941-жылы АКШда регулярдык телекөрсөтүүлөр эфирден кете баштаган. Мамлекеттик жана жеке телекомпаниялар өнүккөн өлкөлөрдө 60-жылдардын аягында, 70-жылдардын башында пайда болгон.