1- Ноябрь 1968 -жылы
"Заманыбыздын супер ырчысы" Гүлнур Сатылганова туулган
Ырчы Гүлнур Сатылганова Жалал-Абад областына караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, ал эми 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Ырчы "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" аттуу ырлар менен атактуулукка жетишкен. Гүлнур Сатылганова "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариет" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.