Улуту кумык болсо да, кыргыз туусун дүйнөлүк ири мелдештерде даңазалап жүргөн кикбоксчу Али Порсуков өлтүрүлгөн. Каргашалуу окуя Бишкекте, Али машыгуудан кийин достору менен жолугушууга баратканда болгон. Аны алдын ала күтүп турган жалданма киши өлтүрүүчү 3 жолу атып, изин жашырып кеткен. Ошол учурда спортчу жалгыз болуп калган. Каргашаны угуп жетип келген клубдаштары аны дароо Республикалык ооруканага жеткиришкен, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. 3 октун бири спортчунун дал башына тийген. Спорттон кетүүнү ойлоп жүргөн Порсуковдун Дагестандан Бишкекке келгенине 3 эле күн болгон. Окуядан кийин Алинин кылмыштык топтордун ортосундагы териштирүүдө курмандык болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.