Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлиги адегенде Таласта 1917-жылы декабрдын
башында орногон. Бул жерде Совет бийлигин орнотууга Ташкент-Олуя-Ата темир
жолунун жумушчулары жана Олуя-Ата шаарындагы аскер гарнизону жардам
көрсөтүшкөн.
Совет бийлигинин алгачкы ийгиликтери дүйнөлүк империалисттерди чочуткан. Тез эле Совет мамлекетин талкалоону ойлошкон. Англия, Америка, Япония империалисттери Совет өлкөсүнө блокада жарыялаган. Германия Украинаны жана Прибалтиканы ээлеп алган. Аларга ички контрреволюциячыл күчтөр жардамга келишкен. Граждандык согуш башталган.
Кыргызстанда контрреволюциялык күч көтөрүлгөн. Пишпек, Нарын, Ош, Пржевальск, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында, Талас, Беловодск, Куршаб, Араван айылдарында абал оор болгон.
Кыргызстандык Кызыл аскерлердин ички контрреволюциячылар менен алгачкы
куралдуу кагылышуусу 1918-жылы жазында Верныйда болгон. Ал жакка жардамга
жөнөтүлгөн Кызыл аскерлердин отряды бай казак-орустардын козголоңун басууда
чечкиндүүлүктү көрсөтүшкөн. 1918-жылы жайында Кызыл аскерлер Синьцзяндан
Пржевальск уездин көздөй келе жаткан Ак казактарга сокку урган. Чет элдик
интервенцияга жана Ак гвардиячыларга таянган кулактар да Совет бийлигин жоюу үчүн
активдүү күрөшүшкөн. Бай кулактардын козголоңу август айында Олуя-Ата уездинин
Дмитровка кыштагында чыккан. Ага Талас өрөөнүнүн алданган дыйкандары жана кулактар кошулган.
Көтөрүлүшкө чыккандар Мерке, Чалдыбар тараптагы дыйкандарды да өзүнө тартып,
куралдуу отряддарды түзүүгө аракет жасаган. Козголоңчуларды Чымкенттен келген
Кызыл армиянын отряды талкалаган.