1- Декабрь 1866 -жылы Аты дүйнөдөгү эң бийик чокуга ыйгарылган географ Жорж Эверест көз жумган
Аты дүйнөдөгү эң бийик чокуга ыйгарылган географ Жорж Эверест көз жумган. Ал 1790-жылы 4-июлда Уэльс мамлекетинде төрөлгөн. 16 жашында аскер окуу жайын аяктап, Индияга аскердик кызматын өтөөгө жиберилген. Ал жакта Эверест геодезчилик кызматты аркалап, 1814-жылдан 1816-жылга чейин Ява аралына экспедицияга жиберилген.

1818-жылдан тарта Уильям Лэмбтон менен бирге иштеп, Индиянын геодезиясын жана картографиясын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жетишкен. Ж.Эвересттин башчылыгы алдында Гималай тоолорундагы чокулар аныкталып, бирок алардын бийиктиктери өлчөнгөн эмес.

1843-жылы полковник чининдеги Ж.Эверест отставкага кетип, Англияга кайтып барат. Ал жактан үйлөнүп, 6 балалуу болот. 1861-жылы сэр титулун алып, бир жылдан кийин Падышалык географиялык коомдун вице-президенти болуп дайындалган.1852-жылы окуучусу Эндрю Во устаты Эверест тарабынан табылган Гималай тоолорунун бийик жерлеринин бийиктигин өлчөп, андагы чокулардын бири дүйнөдөгү эң бийик чоку экендигин аныктаган. 1865-жылы Жорж Эвересттин караманча каршы экенине карабай бул чокуга анын ысымы ыйгарылган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан