Италиялык модельер Жанни Версаче туулган. Ал 1978-жылы эмерек, телефон, унаа, косметика, аксессуар, кийим чыгарган “Gianni Versace” аталышындагы маркасын негиздеген.
Жарашыктуу кийинүү, табитке жараша туура тандоо артыкчылыгы Жанниге апасынан өткөн. Кичине кезинен апасын ээрчип жумушка барган Жанни колуна кездеме кармап чоңойгон. 32 жашында апасынын, карындашынын жардамы менен “Gianni Versace” деген компания ачып, ишти баштаган. Башынан мода тууралуу түшүнүгү кеңири болгондуктан, компанияны бутуна тургузууда кыйынчылык деле жаралган эмес. 1978-жылы анын эң алгачкы кийимдер топтомунун презентациясы Милан шаарында өткөн. 1990-жылдын башында Ж.Версаче дүйнө жүзүнө таанымал дизайнерге айланган. Мода көрсөтүүлөрү үчүн Версаче эң мыкты моделдерди чакырып, аларга күнүнө 10 миң доллар төлөп берген.
Компаниянын кардарларынын арасында белгилүү жылдыздар Мадонна, Стинг, Элтон Жон, Элизабет Херли жана Жон Бон Жови болгон. Андан тышкары компания балетмейстер Морис Бежарга жана окуучуларына костюмдарды ойлоп тапкан. "Версаче" 1981-жылы айымдар үчүн, 1986-жылы мырзалар үчүн атырларын чыгарган. Ошондой эле фарфор жана айнектен жасалган идиштерди, эмеректерди элге тартуулаган.
Жанни Версаченин жансыз денеси 1997-жылы 15-июлда Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган. Ага ок аткан гемосексуалист Эндрю Кьюненэн деген адам экени аныкталган. Жанни Версаче каза болгондон кийин ишин шакирттери, карындашы Донателла Версаче жана иниси Санто Версаче уланткан.