Атактуу орус композитору Пётр Ильич Чайковский Воткинскийде Камско-Воткинск заводунун начальнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чыгармачылыкка 1862-жылдан баштап толугу менен киришкен. Анткени, Чайковский бала чагынан эле музыка жазганды, музыкалык инструментте ойногонду, дирижёр болгонду жакшы көргөн, эңсеген. Чайковский 36 жашында Москва консерваториясынын профессору болуп, 2 операнын, 3 симфониянын автору болгонго жетишкен.