Бүт дүйнөгө рубаилери менен белгилүү болгон перс акыны, математик, астроном жана ойчул Омар Хайям Нишапурда туулуп-өскөн. Самарканд шаарында билим алган. Кийин Бухарага барып, ал жерде математик жана астроном катары көптөгөн ийгиликтерге жетишип, орто доордун алдыңкы илимпоздорунун бири болгонго жетишет.