5- Декабрь 1791 -жылы австриялык композитор Вольфганг Амадей Моцарт каза болгон
Белгилүү композитор Вольфганг Амадей Моцарт 35 жашында дүйнөдөн кайткан. 
Австриялык композитор, капельмейстер, пианист, скрипач, клавесинист, органист Вольфганг Амадей Моцарт - Гайдн, Бетховен сыяктуу Вена классикалык композициялар мектебинин жаркын өкүлү. Замандаштарынын айтымында, Моцарт өзүнүн таланты, эс тутуму, кабыл алуусу менен башкалардан кыйла эле айырмаланган.
В.А.Моцарт Австриянын Зальцбург шаарында төрөлгөн. Анын музыкага болгон шыгын байкаган атасы 4 жашынан баштап скрипка черткенге окута баштаган. Моцарт 5 жашында музыкалык чыгарма жазып, 6 жашынан баштап аристократтардын концерттерине катышып, эжеси экөө өзүнүн чыгармалары менен ак сөөктөрдү таң калтырган. Анын балалык чагы жалаң музыкалык сабак, концерттер менен өткөн. Моцарт жоолук менен көзүн таңдырып алып, клавирде ойночу. Кичинекей Моцарт 7 жашында биринчи симфониясын жазса, 12 жашында "Бастьен жана Бастьена" операсын жазган. 14 жашында Болонск академиги болгон. Академиянын эрежеси боюнча мүчөлүккө 26 жаштан кийин гана кабыл алчу. Академик болгону үчүн атасы куттуктап жатса, "Ата, мен академик болдум, эми жарым саатка сейилдеп келсем болобу?" деген экен Моцарт. Ал скрипкада, органда, клавесинде эркин ойногон. Анын бир кемчилиги аялдарга жакын болгонунда эле. Эгер ал өзү жүргөн аялдарга үйлөнсө, аялдарынын саны 100дөн ашмак. Бирок ал жубайы Констанция менен бактылуу жашап, алты баланы тарбиялашкан. Балдарынын экөө атасынын жолун жолдошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан