Христофор Колумб Кубаны ачкандан 40 жыл өткөндөн кийин Гаити аралын ачкан. "Гаити" деген сөз индейлердин "таино" деген сөзүнөн алынып, "тоолуу өлкө" дегенди түшүндүргөн. Алгач бул арал Эспаньола деген аталышка ээ болгон. 1677-жылы Гаити аралы Франциянын карамагына өткөн. Жергиликтүү калк жок кылынып, ал жакка Африкадан алынып келинген кара терилүү кулдар отурукташып калышкан. Бүгүнкү күндө Гаити аралында эки мамлекет - Доминикан Республикасы жана Гаити Республикасы орун алган. Эки өлкөнүн калкынын саны 20 миллиондон ашат. Ал эми аралдын жалпы аянты 76,48 миң чарчы чакырымды түзөт.