6- Декабрь 1957 -жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Михаил Евдокимов туулган
Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Михаил Евдокимов элге куудул, актёр, ырчы гана эмес, саясатчы катары да таанымал. Ал 2004-жылы Алтай крайынын губернатору болуп дайындалган. 2005-жылы 7-август күнү жол кырсыгына учурап, каза болгон. Мамлекеттик автоинспекция кызматынын иликтөөлөрүнө караганда, буга губернатор Михаил Евдокимовдун айдоочусу күнөөлүү болгон. Губернатордун Мерседес 600 үлгүсүндөгү автоунаасы катуу ылдамдыкта алдыдагы автоунаадан тыюу салынган жерден ашып өтүп бара жаткан кезде айдоочу бет маңдайдан чыга калган машинадан качам деп даракты сүзгөн. Губернатор менен анын айдоочусу жана жан сакчысы да каза таап, ал эми жубайы оор жаракат алган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан