10- Декабрь 1935 -жылы КУУнун экс-ректору, академик Аскар Какеев туулган
КУУнун экс-ректору, философия илимдеринин доктору (1991), профессор, (1992). Кыргызтандын УИАнын академиги (1993) Аскар Какеев Чүй обласынын Чүй районун Кегети айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.
1958-1960-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1960-1963-жылы Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институтда аспиранты, 1963-жылдан ошол эле институнда улук илимдер кызматкер, 1968-жылдан Кыргыз мамлекеттин айыл чарба институнда философия кафедрасынын башчысы, 1980-жылдан ушул эле институтта партия комитетинин катчысы, 1984-1988-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1989-жылдан Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институнун (1992-жылдан Философия институ) директору болуп иштеген. Ал эми 1992-жылдын декабрынан Кыргыз Республиканын президенттик аппаратынын жетекчиси – мамлекеттик катчы, 1993-жылдан Кыргыз Республиканын элге билим берүү министри, 2000-жылдан КУУнун ректору, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан