11- Декабрь 1924 -жылыАбдыкерим Сыдыковдун Коммунисттик партияга мүчөлүгү калыбына келтирилген
XX кылымдын 20-жылдары Кыргыз жеринде мамлекеттик башкаруу системи калыптануу менен бирге жаңыдан түптөлө баштаган элита арасында саясий күрөш курчуган. Абдыкерим Сыдыковдун Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик курулушунда авангарддык роль ойношу айрым "жолдошторго" жаккан эмес. 1924-жылдын күз айында ошол "жолдоштордун" аракети менен ага "саясий жат элемент" деген күнөө коюлуп, Абдыкерим Сыдыков үчүнчү ирет партиядан чыгарылган. Тийиштүү мекемелерге арыз жазып, абийирин коргоо аракетинен улам анын коммунисттик партияга мүчөлүгү кайрадан калыбына келтирилген.