14- Сентябрь 1788 -жылы Орусия империясына барган кыргыз элчилери Абдрахман Кучаков менен Шергазы Санкт-Петербург шаарынан мекенин көздөй чыгышкан
Атаке баатырдын тапшырмасы боюнча Орусиянын борборуна барган кыргыз элчилери Абдрахман Кучаков менен "накта кыргыз өкүлү" Шергазы Санкт-Петербург шаарынан чыгышкан. Атаке баатырдын элчилери Екатерина II кабыл алуусунда болушуп, алар кайра императрицанын Атаке баатырга жолдонгон катын алышкан. Анык жашыруун кеңешчи А.А.Вяземскийдин буйругу менен аларды поручик И.Сипайлов коштоп, элчилерге татыктуу сый-урмат көрсөтүлгөн. Абдрахман элчиге 100 рубль, Шергазыга 25 рубль акча берилип, Атаке баатырга деп 800 рубль күмүш акча жөнөтүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан