17- Сентябрь 1999 -жылы
Исламчыл согушчандар Айдаркен райондук борборуна жакын жерден кыргыз аскерлерине кол салышкан
Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки оор сыноо 1999-жылдын күз айында башталган. Тажикстандан Кыргызстан аймагына оогон Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары Баткен, Алай райондорунун айыл-кыштактарын тоноп, бейпил калктын жашоосуна жана жаңыдан телчиге баштаган Кыргыз мамлекеттик түзүлүшүнө доо кетирген. Буга чейин жүргөн согуш аракеттери бир канча күнгө тыным алып, эки тарап тең күчтөрүн топтоп, аракет көрчү мерчемин белгилөөгө жетишкен. Исламчыл согушчандар 1999-жылдын 17-сентябрында Айдеркен райондук борборго жакын жерден мамлекеттик аскерлерге каршы чабуул жасашкан. Саны жагынан 150 чамасындагы башкесерлерге каршы майлы-сайлык өзгөчө батальон каршы туруп, согуш таңкы 4кө чейин уланган. Кармашта душмандар оор жоготууга учурап, согуш талаасында ислам согушчандарынын талаа командири Абдулазиз Юлдашевдин сөөгү калган.