12- Декабрь 1941 -жылы
Кыргыз Республикасынын жетекчилиги жеңил өнөр жай ишканалары тууралуу токтом кабыл алган
Согуш мезгилинде РСФСР менен Украина аймагынан Кыргызстанга бир канча завод, фабрикалар эвакуацияланган. Кыргыз Республикасынын жетекчилиги бул күнү "СССР Наркомпрому, РСФСР жана Украинадан эвакуацияланган жеңил өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу туурасында" Токтом абыл алган. Анын натыжасында, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ондогон завод, фабрикалар курулуп, кыска аралыкта алар даяр продукция бере баштаган.