19- Сентябрь 1930 -жылы
Кыргыз АССРнин БАКы менен Эл комиссарлар Кеңеши "Кыргыз АССРинде милдеттүү баштапкы билим берүүнү киргизүү туурасында" токтом кабыл алган
Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитети менен Эл комиссарлар кеңеши биргелешип "Кыргыз АССРинде милдеттүү баштапкы билим берүүнү киргизүү туурасында" Токтом кабыл алган. Токтомдо каралгандай, өлкө аймагында 8ден 14 жашка чейинки жеткинчектер милдеттүү түрдө башталгыч билим алышып, аларга билим бере турган мугалимдер контингентин даярдоо маселелери каралган. Мындан тышкары, балдарды сабаттуу окутуу үчүн мектеп имараттарын даярдоо жагы да оң чечилген.