Кыргыз өкмөтү маданиятыбызга зор салым кошкон инсандардын эмгегин эскерип, улуу манасчылар – Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев, айтылуу акындар – Алыкул Осмонов менен Аалы Токомбаев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго «Кыргызстандын ардактуу алтын медалын берүү» тууралуу чечим чыгарган.