13- Декабрь 1953 -жылы коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов төрөлгөн
Медет Чоканович Садыркулов Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ильич айылында төрөлгөн. Түбү казак деп көптөрү айтып жүргөнү менен, расмий документтеринде кыргыз деп жазылган. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинде алып, тарыхчы адистигине ээ болгон. Кошумча билими: юриспруденция, саясий илимдердин кандидаты, РФнын  Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу академиясынын мүчө-корреспонденти. Эмгек жолу 1971-жылы Ильич атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда жөнөкөй жумушчу болуудан башталып, жогорку окуу жайын бүтүргөндөн соң Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда (1977-19991-ж.ж.) окутуучу болуп эмгектенген. 1991-жылдан тартып ал мамлекеттик кызматта - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында, 1995-жылы президенттик администрацияда иштеген. Төрт  жыл аралыгында референттиктен уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчылыгына чейин көтөрүлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими, 1997-1999-жылдары каржы министринин биринчи орун басары - Мамлекеттик салык инспекциясынын директору. Ал эми 1999-жылы кайрадан Ак Үйгө президенттин администрация жетекчилигине чакырылган. 1999-2000-жылдары Эсеп палатасынын төрагасы, 2000-2005-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Ирандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси. Ошону менен катар эле мамлекеттик кызматтын 1-класстагы жана салык кызматынын 2-рангдагы, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарымдуу элчилик рангындагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чиндеринин ээси болгон. 2006-жылы Медет Чоканович кайрадан Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясына чакырылып, администрация жетекчисинин биринчи орун басары-мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы болот. 2007-жылдын 30-мартынан 16-апрелине чейин Кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчилигине, 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчилигине дайындалып, иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. 
Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Бакиевдердин буйругу менен өлтүрүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан