Орусиялык “Звери” тобунун ырчысы Рома Зверь туулган. Орусиянын Таганрог шаарында төрөлүп, Дондогу Куруучулук жана экономикалык колледжин бүтүргөн.
2000-жылы 24-июнда Москва шаарына келип, Заманбап искусство музейинин курулуш аянтчасына жумушка кирет. 2001-жылдын сентябрь айында "Звери" тобун негиздеген. "Для тебя", "Просто такая сильная любовь", "Все, что тебя касается", "До скорой встречи" жана "Рома, извини" деген аталыштагы ырлар аталган топко атактуулукту алып келген. 2007-жылы жаз айында Forbes журналы "Звери" тобун Орусиядагы эң бай жылдыздардын катарына киргизген.
2006-жылы ырчы Москвага келгенге чейинки жашоосун чагылдырган "Тапанча-жамгырлар" деген китеп жазып чыгарган. Ошондой эле 2011-жылы "3veri" деген бренддеги кийимдерди чыгарып, ошол эле жылы НТВ телеканалында Виктор Вержбицкий менен "Оюн" программасын алпарган. 2011-жылы Р.Зверь режиссёр Валерий Гай Германиканын "Бактылуу жашоонун кыска курсу" деген сериалында башкы ролду жараткан. Ырчы велосипед, пинг-понг спортторуна кызыгып, балык уулаганды, сүрөтчүлүктү жакшы көрөт.