7- Декабрь 43 -жылы
Байыркы Рим саясатчысы жана ойчулу Цицерон каза болгон
Цицерон Марк Туллий - ири рим саясатчысы, философу, чечен жана ойчулу.
Анын 100дөн ашык саясий жана сотто чыгып сүйлөгөн сөздөрү жарыяланган, алардын ичинен 58и гана сакталып калган. Ошондой эле бизге риторика, саясат жана философия боюнча 19 трактаты жеткен. Цицерондун 800дөй каты сакталган, бул каттарда биографиясы менен катар республика доорунун соңундагы Рим коому тууралуу баяндалат. Анын философиялык трактаттары ошол замандагы философия мектептеринин, академик, эпикурчулардын окууларын толук жана эч бурмалоосуз чагылдырган.
Цицерондун эмгектери дин ойчулдарына, асыресе Ыйык Августин, кайра жаралуу доорунун жана гуманизмдин өкүлдөрүнө (Дидро, Вольтер, Руссо, Монтескье) чоң таасир тийгизген.