Биринчи мультипликациялык тасманын жаратуучусу, франциялык ойлоп табуучу, мугалим Эмиль Рено Монтрёйдо туулган. 1858-жылдан баштап ал опиткалык инструменттерди оңдоону үйрөнө баштаган. Париждеги Адам Саламон аттуу сүрөтчү-портретисттин ассистенти болуп иштеген.