Атактуу британиялык ырчы жана музыкант Жон Леннон күйөрманы тарабынан өлтүрүлгөн.Жон Уинстон Леннон 1940-жылы 9-октябрда Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө карикатура тартып журнал чыгарып, мектеп хорунда ырдаган.1956-жылы 16 жашында "Quarrymen" аттуу топ ачып, эл алдында ырдоого өтөт. 1957-жылы музыкант Пол Макартни менен таанышып, аны өзүнүн тобуна чогуу ырдоого чакырат. 1958-жылы Леннондун апасы жол кырсыгына кабылып, каза болгон. 1959-жылы "Quarrymen" тобу тарап,ордуна "The Beatles" тобу түзүлгөн.