9- Декабрь 1968 -жылы
АКШлык изилдөөчү Дуглас Энгельбарт компьютердик "мышканы" ойлоп тапкан
АКШлык изилдөөчү Дуглас Энгельбарт коомчулукка компьютердик манипуляторду ("мышканы") ойлоп тапкандыгын Сан-Францискодо Бирдиктүү күзгү компьютердик конференцияда жарыялаган.
Алгач манипулятордо ар бир манжага баскыч турмак, өлчөмү чоң болуп кеткендиктен Дуглас Энгельбарт бул оюнан кайткан.