4- Ноябрь 2003 -жылы
Бишкекте Борбордук Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга арналган эл аралык конференция башталган
Борбордук Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга арналган Бишкектеги эл аралык конференциянын иштөө күн тартиби башталган.
Эл аралык кызматташтык маселелерине арналган конференцияда региондогу суу-энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануунун стратегиясын белгилөө багыты боюнча пикир алмашуулар жүргөн. Суу стратегиясына арналган атайын программа Борбордук Азиянын адистери тарабынан даярдалып, андан соң ал эл аралык эксперттердин иликтөөсүнөн өткөн.