14- Сентябрь 1638 -жылы англиялык миссионер Жон Гарвард каза болгон
Атактуу америкалык Гарвард университетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон англиялык миссионер Жон Гарвард 30 жашында каза болгон.
Жон Гарвард 1607-жылы 26-ноябрда Лондондо төрөлүп өскөн. Төрт бир туугандын төртүнчүсү болгон. Өзүнүн атасы директор болуп эмгектенген мектепти аяктап, колледжге тапшырып, бакалавр даражасын алганга жетишкен. 
1637-жылы Жон Жаңы Англияга (АКШнын түндүк чыгышы) көчүп кетип, Бостондо отурукташып, чиркөө кызматкерине айланат. Көп өтпөй кургак учук оорусуна чалдыгып, 1638-жылы катуу оорудан каза болгон. 
Жон Гарвард балалуу болбогондуктан, каза болордун алдында 779 фунтту (мурасынын жарымы) жана 400 даана китепти 1636-жылы негизделген колледжге таштаган. Бул жардамы үчүн ыраазы болгон ал окуу жайдын башкармалыгы колледжге Жон Гарварддын ысымын ыйгарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан