Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова Таластын Арал аттуу айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" деген топто иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.