6- Ноябрь 1938 -жылы
Акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылган
Акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, кыргыз грамматикасын түзүүчүлөрдүн бири Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылган.
Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында туулган. Өмүрүнүн акырына чейин ал маалымдоо каражаттары, илим изилдөө жана билим берүү тармагында иштөөгө үлгүргөн. К.Тыныстановдун окумуштуулук дарамети туура бааланып, ага Кыргыз өлкөсүндө биринчи болуп 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессордук илимий наам ыйгарылган. 1938-жылдын 5-ноябрында өткөн СССР Жогорку Аскердик сотунун жабык көчмө сессиясында Касым Тыныстановго 1921-жылдан баштап улутчул "Алаш-Ордо" уюму, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиячыл зыянкеч, чыккынчы террордук "Социал-Туран" партиясынын ана башчыларынын бири деген айып коюлуп, атууга өкүм чыгарылган.