6- Ноябрь 1893 -жылы
Орусиялык композитор Пётр Чайковский көз жумган
Түрдүү музыкалык жанрларда баа жеткис мурас калтырган (10 опера, 3 балет, 6 симфония, 104 романс) орусиялык композитор Пётр Чайковский 53 жашында халера оорусунан каза болгон.
П.И.Чайковский 1840-жылы 25-апрелде (7-май) Воткинскийде Камско-Воткинск заводунун начальнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чыгармачылыкка 1862-жылдан баштап толугу менен киришкен. Чайковский 36 жашында Москва консерваториясынын профессору болуп, 2 операнын, 3 симфониянын автору болгонго жетишкен.