7- Ноябрь 1924 -жылы
“Эркин-Тоо” гезити чыгарыла баштаган
Кыргыз тилиндеги эң алгачкы “Эркин-Тоо” гезити Ташкентте араб алфавити менен чыгарыла баштаган. “Эркин-Тоонун” биринчи редактору 1924-1926-жылдар аралыгында Осмонкул Алиев болгон. 1927-жылдын 29-августунда анын аталышы "Кызыл Кыргызстан" болуп өзгөртүлгөн. Кийин ал "Советтик Кыргызстан", "Кыргыз Туусу" аталып калган.