
Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Мураттын музыкага болгон кызыгуусу жети жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Ошондо эле анын музыкалык шыгы байкалган. Музыкадан тышкары ырчы математика, физика деген сабактарды кызыгуу менен окуганы белгилүү. Мектепти аяктаган соң аскерге чакырылат. Аскерде кечелердин көркүн Мурат менен кошо анын орус улутундагы досу ача баштайт. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Буга албетте, ата-энеси каршы чыгат. Бирок, өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан, 1989-жылы Москвага сапар алат.
Ал өзү менен аскерде кызмат өтөгөн досунукунда жашайт. Экөө “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, алгач чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Музыкалык билим керектигин ойлоп, Мурат музыкалык окуу жайга тапшырат. Өзүнөн көп нерсени талап кылган Мурат “Ялта-91” конкурсуна катышып, Гран-прини утуп алат. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылат. Көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнөсүндө өз ордун тапкан. Мурат Насыров чыгармачылык жашоосунда өз улутунда, тагыраак айтканда, уйгур тилинде альбом жаздырып чыгарууга да жетишкен.
Мурат Насыров баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн бешинчи кабатынан секирип кеткен. Мурат Насыров өлүм алдында ага Кудайлар келгенин жана алар менен кеткени жатканы тууралуу айткан.